Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан шайлоо өткөрүү үчүн Түркиядан 100 миң доллар жардам сурады

Кыска кабар | 17 Сен 2020 | 2898 | 3

Түркия Кыргызстандын шайлоо өткөрүү боюнча техникалык колдоо көрсөтүү өтүнүчүн канааттандырып, 100 миң долларлык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Кыргызстан тарап буга чейин шайлоочуларды идентификациялоочу аппараттарды жана добуш берүү үчүн автоматтык урналарды алуу үчүн Түркияга кайрылган. Түрк бийлиги бул өтүнүч канааттандырып, жалпы суммасы 100 миң долларлык жардам көрсөтөт.

Ошондой эле Түрк кызматташтык жана координациялоо агенттиги да 21 күч кызматкерин шайлоодогу коопсуздук чараларын сактоо боюнча окутуудан өткөргөн. Мындан сырткары Түркия Кыргызстанда 4-октябрда өтө турчу шайлоого байкоочуларын да жиберет.

 

3 пикир

3 пикир

  1. Назэрке

    17.09.2020 13:27

    Дебилизм

  2. Бегимай

    18.09.2020 14:58

    Ушинтип шайлоо откоруп айланабыз? Мындай шайлоонун керегине эмне?

  3. Жазгул

    18.09.2020 22:50

    Акчасы жок шайлоо отпойбу?

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM