Биз менен байланышыңыз

КРнын эл артисти Калыйбек Тагаев каза болду

Ди-джейлер , Көңүл ачуу | 17 Сен 2020 | 1123 | 0

КРнын эл артисти, обончу, композитор Калыйбек Тагаев 16-сентябрь күнү 80 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышты. Бул тууралуу маркумдун жакындары маалымдашты.

Айтымдарында, Тагаев көптөн бери ооруп жүргөн. Жакында эле ооруканадан чыгарылып, үйүндө төшөктө жатканы кошумчалады.

Обончу, композитор Калыйбек Тагаев —  Ат-Башы районунун  Бирлик айылында 1940-жылы 14-апрелде туулган. 1961-жылы Каракол педагогикалык институтунун музыка бөлүмүн аяктаган. 1961–1962-жж. Ат-Башыдагы Ленин атындагы №1 мектепте мугалим, 1963–1969-жж. Нарын музыкалык драма театрында артист, бөлүм башчы болуп иштеп, 1970–1974-жж. Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун теория жана композиция бөлүмүндө окуган. 1974-жылдан Республикалык эл чыгармачылык борборунда жетектөөчү адис болуп иштеген. 120дан ашык обондордун автору. Обончулардын республикалык кароо-сынагынын 7 жолку жеңүүчүсү. Анын алтымышка жакын обондору Кыргыз радиосунун «Алтын казынасына» жазылып алынган. 1992-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы берилген.

Маркумдун сөөгү, 18-сентябрь күнү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Марал радиосунун эмгек жамааты обончунун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

 

Copyright © 2017 Maral FM