Биз менен байланышыңыз

Токаевдин кеңешчиси эми Мирзиёевге да кеңешчи болот

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Сен 2020 | 439 | 0

Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын мурдагы президенти, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин кеңешчиси Сума Чакрабарти Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге экономикалык өнүгүү, натыйжалуу башкаруу жана эл аралык кызматташтык маселелери боюнча кеңешчиликке дайындалат. Бул тууралуу Чакрабарти Твиттердеги баракчасына жазган.

-Өзбекстандын президенти Мирзиёев мени экономикалык өнүгүү, натыйжалуу башкаруу жана эл аралык кызматташтык маселелери боюнча кеңешчи кылып дайындаганына кубанып турам. Реформалар программасын ишке ашырууга көмөктөшүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатам,- дейт ал.

Ошондой эле Чакрабарти 14-сентябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин экономикалык өнүгүү жана натыйжалуу башкаруу боюнча кеңешчиси болуп дайындалган.

Сума Чакрабарти Европа реконструкция жана өнүгүү банкын 2012-жылдан 2020-жылдын июлуна чейин жетектеген.

2016-жылдын сентябрында Өзбекстандын президенти болуп шайланган Шавкат Мирзиёев бир катар реформаларды баштап, коңшулары жана дүйнө өлкөлөрү менен экономикалык карым-катнашты чыңдоо аракетин көрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM