Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын мурдагы президенти, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин кеңешчиси Сума Чакрабарти Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге экономикалык өнүгүү, натыйжалуу башкаруу жана эл аралык кызматташтык маселелери боюнча кеңешчиликке дайындалат. Бул тууралуу Чакрабарти Твиттердеги баракчасына жазган.
-Өзбекстандын президенти Мирзиёев мени экономикалык өнүгүү, натыйжалуу башкаруу жана эл аралык кызматташтык маселелери боюнча кеңешчи кылып дайындаганына кубанып турам. Реформалар программасын ишке ашырууга көмөктөшүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатам,- дейт ал.
Ошондой эле Чакрабарти 14-сентябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин экономикалык өнүгүү жана натыйжалуу башкаруу боюнча кеңешчиси болуп дайындалган.
Сума Чакрабарти Европа реконструкция жана өнүгүү банкын 2012-жылдан 2020-жылдын июлуна чейин жетектеген.
2016-жылдын сентябрында Өзбекстандын президенти болуп шайланган Шавкат Мирзиёев бир катар реформаларды баштап, коңшулары жана дүйнө өлкөлөрү менен экономикалык карым-катнашты чыңдоо аракетин көрүүдө.