Биз менен байланышыңыз

Шайлоочулар өздөрүн тизмеден кантип тактай алат?

Кыска кабар , Шайлоо-2020 | 16 Сен 2020 | 871 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрда боло турчу шайлоого катышуучу жарандар жөнүндө маалыматтарды түзүүнү улантууда. Шайлоочулардын тизмесине өзгөртүү киргизүүнүн акыркы мөөнөтү — 19-сентябрь.

Жарандар өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен бир канча жол менен текшере алышат:

-шайлоо участогуна барып текшерүүгө болот;

www.tizme.gov.kg сайты аркылуу;

-Каттоо кызматынын 119 номуруна чалуу аркылуу.

Мындан тышкары, шайлоочулар өздөрүн тизмеден текшерүүсү үчүн уюлдук тиркеме иштелип чыкты. Ал Android платформасын колдонгондор үчүн жеткиликтүү. «Услуги ГРС» деп аталган тиркемени көчүрүп, аймактык шайлоо участкаларынын дарегин издөө бөлүмүнө кирүү керек.

Ал эми iOS системасын колдонгон телефон ээлери үчүн бул тиркеме жакында иштелип чыгат.

Учурда Кыргызстанда шайлоочулардын жалпы саны 3 млн 465 миң. Форма №2 алуу үчүн кайрылгандардын саны 264 миң 270ке жетти.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. Шайлоодо биометрикалык маалыматтардын негизинде гана добуш берүүгө болот. Ошол себептен биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек жарандарга 19-сентябрга чейин убакыт берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM