COVID-19 менен ооруган балдарда Кавасаки синдромуна окшош белгилер байкалгандыгы жөнүндө дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнүн дарыгерлери апрель айынын аягында билдиришти. Ошол эле учурда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму буга өзгөчө көңүл бурууну сунуш кылган. Коңшу Казакстанда Кавасаки синдромуна 17 бала кабылгандыгын расмий билдиришкен. Дарыгерлердин айтымдарында, Кыргызстанда Кавасаки синдрому менен ооруган бала каттала элек. Бирок, социалдык тармактарда аталган оору менен ооруган балдар боюнча аудио тарап, саламаттыкты сактоо министрлигинин бул боюнча маалыматты жашырып жатканы айтылып келет.
Кавасаки оорусу деген эмне?
Кавасаки оорусу же синдрому — көп органды жабыркаткан оору. Бул жалаң эле коронавирус оорусунан кийин пайда болбостон, катуу вирустук жана бактериялык инфекцияга кабылганда да пайда болот. Вирус организмдин иммунитетин төмөндөтөт, мына ошол вирус кабылдап кеткенде пайда болгон оору. Көбүнчө Кавасаки оорусу жүрөктү жана майда кан тамырларды жабыркатып, өпкөнү, борбордук нерв системасынын кан тамырларын, ичеги- карындын функциясын бузат. Ошентип, Кавасаки оорусу мультисистемалык органдарды жабыркаткан абал. Бул көбүнчө 10 жашка чейин балдарда кездешет.
Кыргызстанда Кавасаки синдрому менен ооруган бала каттала электигин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев билдирди.
«Азырынча Кыргызстанда Кавасаки оорусу менен жабыркаган бейтап каттала элек. Бир гана бейтапты ошондой суроо менен жиберген. Аны биз текшерсек, андай оору такталган жок», — деди Узакбаев.
Анын айтымында, балдар жеңил формасында көбүрөөк ооруйт. Ошол учурда ата-энеси балага жакшы көңүл бурбай койсо, иммунитети төмөндөп, катуу ооруга туш болушу мүмкүн. Ошондуктан балдар коронавирустук инфекцияга, тумоого кабылгандан кийин иммунитети толук калыптанганга чейин дарыгердин көзөмөлүндө болушу керек.
Кавасаки синдромунун белгилери кайсылар?
Өтө сейрек кездешүүчү бул дарт балдарда инфекциялык оорулар менен ооругандан кийин пайда болот. Кавасаки синдрому менен ооруган балдардын дене табы көтөрүлөт, көзү кызарып, колу-бутуна кызыл бүдүрлөр пайда болот. Айрымдарынын ичи ооруйт. Бул синдром жүрөктүн майда жана чоң кан тамырларын жабыркатып, аларда уюган канды пайда кылат. Кавасаки оорусу ошол эле учурда толук изилденип бүтө элек, көп ооруларга салыштырмалуу жаңы оору. Оорунун негизги коркунучу — анын белгилерин алдын ала байкап, убагында дарыланбай калса баланын өмүрүнө дагы коркунуч жаратат.
1-сентябрга карата Кыргызстанда 14 жашка чейинки 1 120 жаш бала коронавирус менен ооруган. Бирок аларда Кавасаки синдрому менен жабыркагандар болгон эмес. Дарыгерлер бул дартты алдын алуу үчүн эң алгач инфекциялык жугуштуу оорулардан коргонуу керектигин айтышат. Андыктан санитардык эпидемиологиялык талаптарды так сактап, адам көп топтолгон коомдук жайларда аларды алып жүрбөөнү эскертишет.
Дарыгер: Кавасаки синдрому боюнча тынчсызданууга негиз бар
Кавасаки синдрому боюнча тынчсызданууга негиз бар. Анткени чет элдик маалымат булактарында жана коңшу Казакстанда Кавасаки оорусу коронавирустан кийин өрчүп кеткендиги кездешип жатат. Кыргызстанда азырынча жок болгону менен буга даярдык көрүш керек экендигин Камчыбек Узакбаев билдирди.
«Коронавирус оорусунан кийин Кавасаки синдрому кабылдап кетсе, кандай дарылоо керектиги боюнча атайын клиникалык протоколдорду тактап койдук. Керектүү дарылардын тизмесин түзүп, өтүнмө бердик. Жакынкы арада алардын баарын даярдайбыз. Чет өлкөлөрдө Кавасаки оорусунан сакайгандар көп. Бирок дарыгерлер менен ата-энелер чогуу даяр турушубуз керек. Бүгүнкү күндө медицинада Кавасакини дарылоо методдору жетиштүү жана ийгиликтүү дарыланууда» , — дейт Узакбаев.
Узакбаев коомчулукта «коронавирус менен ооруган балдарда Кавасаки синдрому пайда болот» деген кооптонгон маалымат боюнча, тынчсыздануунун ордуна өздүк гигиенаны катуу көзөмөлгө алууга чакырды.
Ооруга кабылбоо үчүн ата-энелерге сунуштар
- Оорунун алдын алуу үчүн биринчи кезекте санитардык-гигиеналык талаптарды толук көзөмөлдөш керек;
- Эпидемиологиялык абал туруктуу эмес болгон базарларга, эл көп чогулган коомдук жайларга балдарды алып баруудан алыс болуу керек;
- Баланын өнөкөт жана көйгөйлүү оорулары болсо, аны өз убагында дарылоо керек;
- Баланын ата-энесинде ар түрдүү инфекциялык жана өнөкөт оорулары болсо, алар биринчи кезекте өздөрүн дарылоо керек. Анткени үй-бүлө толугу менен ден соолукта болушу керек;
- Баланын тамактануу режимин толук көзөмөлгө алып, баланы витаминдүү тамактар менен камсыз кылуу керек.
Кавасаки синдромун биринчи жолу 1967-жылы Япониянын Томисаку Кавасаки аттуу педиатры сүрөттөгөн. Анын көбүнчө беш жашка чейинки балдарда кездеше тургандыгын айткан. Бул синдром кан тамырлардын сезгенүүсүн пайда кылып, температураны көтөрөт. Бул оорунун себептери белгисиз. Дарыгерлер дагы деле болсо бул ооруну натыйжалуу дарылоону иштеп чыгышкан жок, негизинен симптоматикалык дарылоону колдонушат.