Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-кытай кызматташтыгы талкууланды

Кыска кабар | 14 Сен 2020 | 529 | 0

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө бекети 8-сентябрдан тарта толук кандуу иштей баштады. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен болгон жолугушуудан кийин тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

13-сентябрда Кыргызстанга Кытайдын тышкы иштер министри Ван И расмий сапар менен келген.

«Менин келишимдин максаты — COVID-19га каршы күрөштө кызматташууну чыңдоо. Пандемия чыккандан кийин биздин элдер ынактыкты көрсөттү. КР президенти Сооронбай Жээнбеков менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин сүйлөшүүлөр учурунда коронавируска каршы күрөш боюнча манилүү макулдашууларга жетишти», — деди кытай министри.

Ал Кыргызстан коронавирус боюнча кырдаалды колго алганын айтты. Ошондой эле Кыргызстанга коронавирустан кийинки мезгилдеги өз ара кызматташтыкты жандандыруу үчүн келгенин билдирди.

«Биз Кыргызстандын өзүнүн улуттук өзгөчөлүктөрү бар өнүгүү жолдорун колдойбуз. Өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүлөргө каршыбыз. Биз Кытайдын түз кызыкчылыктарына тиешелүү маселелердеги колдоого ыраазычылык билдиребиз. Пандемияга байланыштуу жылдын биринчи жарымында болгон жоготуулардын ордун толтуруубуз керек. Кызматташууну жандандыруу керек. «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө бекети иштеп баштаганы тууралуу маалымат бизди кубандырды», — деди ал.

Ван И Кытай Кыргызстандан айыл чарба продукциясынын импортун көбөйтүүгө, санарип тармагында кызматташууга даяр экенин айтты.

Белгилей кетсек, Кыргыз-кытай чек арасында «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрмө бекеттери иштейт.

Жээнбеков Кыргызстандын Кытайга болгон тышкы карызын жеңилдетүүнү суранды

Copyright © 2017 Maral FM