Connect with us

Дүйнөнү алсыраткан күндөр. Пандемияда өткөн 6 ай

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Сен 2020 | 830 | 0

Бүгүн, 11-сентябрда дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Covid-19 вирусун глобалдык пандемия катары жарыялаганына алты ай болду. Алгач Кытайда тарап баштаган вируска 188 мамлекеттеги 28 миллиондон ашуун киши кабылды, 900 миңдей адам вирустан көз жумду.

Коронавирус дүйнөгө кандай таасир этти? Бул 6 ай аралыгында кайсы тармактар өзгөрүүгө кабылды, кайсы өлкө көбүрөөк жабыркады? 

Дүйнө карантиндик шарттар менен жашап жатканына бүгүн толук алты ай болду. Бул аралыкта дүйнөлүк авиация тармагы эң көп жабыркады. Туризм тармагы да аксап, ал эми балдардын билим алуусу да арсар жолдо турат.

Ошондой эле пандемия дүйнөдөгү саясатчыларды ага ишенгендер жана ишенбегендер кылып, эки ача пикирге бөлдү. Мисалы, КМШ аймагынан Беларус президенти Лукашенко муну саясий оюн деп атап, коронавирустан карантинсиз “кутулду”.

Ал эми Түркмөнстан жана Тажикстан сыяктуу тоталитардык режимдеги өлкөлөр да башында коронавирусту четке какты.  Бирок акыр аягында алар да карантиндик чараларды көрө баштады.

Ал эми Европада жалаң айымдар башкарган өлкөлөр пандемияны жайылтуунун алдын алып, кризис менеджер катары өздөрүн көрсөтө алды. Буга мисал катары Финляндия, Дания, Норвегия, Чехияны айтса болот.

Бирок коронавирусту башында көп көңүлгө албаган Италия, Испания жана АКШ өлкөлөрү эң көп жоготууларга учурады. Бул пандемия АКШнын президенти Дональд Трампты да акыр аягында беткап кийгизүүгө мажбур кылды.

Ал эми Кыргызстанда да башында буга ишенбегендер көп болгону менен, июль айындагы абал көпчүлүктүн үшүн алып, миңден ашык адамдын өмүрү кыйылды.

Пандемия жарым жыл аралыгында токтодубу? Жок. Дүйнөнүн булуң-бурчундагы мамлекеттер вирустун жайылышын токтотууга ар түрдүү чара көргөнүнө карабастан, Covid-19 дагы деле тарап жатат. Айрым өлкөлөр вирустун жайылышын токтотуп, алдын алгандай болгон, бирок күз мезгили менен инфекция кайрадан тарап жатканы талашсыз.

Мисалы, Францияда соңку бир күндүн ичинде вируска кабылган дээрлик 10 миң жаңы учур катталды.

Франциядан тышкары Индия менен Израилде вирус тез жайылууда. Индия жакында эле вируска кабылган жарандардын саны боюнча экинчи орунга чыккан. Өлкөдө күнүнө 90 миң жаңы учур катталууда. Израил болсо вирус кеңири жайылып жаткандыктан, кайрадан карантин чектөөлөрүн киргизүүнү караштырып жатат.

Ал эми Европа өлкөлөрү коронавирус пандемиясынын жаңы толкунуна даярданууда. Алар бул ирет жаздагыдай карантин чараларын киргизбей туруп абалдан чыгуу жолдорун караштырууда.

Европа эли вирус менен жашоого акырындап ыңгайлашууда. Мисалы, беткап кийүү, жумуштун көбүн үйдө олтуруп иштөө, социалдык аралык сыяктуу эрежелер орноду.

Ал эми Орто Азияга келсек, бул өлкөлөрдүн калкы бираз тоготпостук мамилесин жасап жаткандай.

Кыргызстанды эле алсак, июль айларында абал курчуп, дары-дармек менен медицина кызматкерлери тартыш болду, ооруканалар вирусту жуктурган бейтаптарга жык толуп, жакындарын жаткырганга жай таппай калгандар көп болду.

Ыктыярчыларга күнү түшкөн Кыргызстан ырайымдуу жарандардын жардамы менен абалдан чыкты окшойт. Бирок бул жагдай бат эле унутулгандай.

Беткап кийүү, аралыкты сактоо сыяктуу эрежелер көз жаздымда калды. Дүкөн, соода борборлорунан тышкары, өкмөт мекемелери деле беткап кийбеген кишилерди имаратка эркин киргизүүдө. Коомдук транспорттордогу эрежелер боюнча сөз кылбай эле коёлу.

Өзбекстанда түгөйлөр тоюна кырктан ашык адам келгени үчүн 35 миң сомдой айып пулга жыгылган. Ошондой эле бул өлкөдө карантин талаптары катуу сакталып, мектептер да ачылганы калды.

Азыркы тапта Кыргызстанда мектептердин качан ачылары белгисиз. Дүйнөнүн бир канча өлкөлөрүндө деле абал ушундай. А пандемия качан бүтөрү тууралуу азырынча эч ким так айта албайт.

Copyright © 2017 Maral FM