15-сентябрдан баштап Бишкек-Баткен-Бишкек багыты боюнча каттам ишке ашырыла баштайт. Ал жумасына бир жолу — шейшемби күндөрү учат.
Ал эми Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек багыты боюнча каттам 18-сентябрда башталат. Ал жумасына бир жолу — жума күнү учат.
Каттамдар «Тез Джет» авиакомпаниясы тарабынан жүргүзүлөт.
Буга чейин Бишкек-Ош-Бишкек каттамы августтан баштап күнүнө 2-3 рейсти туруктуу аткара баштаган.
Учурда Кыргызстан Түркия, БАЭ менен туруктуу каттамдарды жүргүзүп жатат. 10-сентябрдан тарта Кыргызстан менен Кувейт мамлекетинин ортосунда аба каттамдары да жандандырылды. Бул каттам жумасына бир жолу — бейшемби күндөрү жүргүзүлүп турат.
14-сентябрдан баштап Ташкент-Бишкек-Ташкент багыты боюнча, ал эми 17-сентябрдан баштап Алматы-Бишкек-Алматы багыты боюнча дайыма учуучу каттамдарды жандандыруу боюнча иш алып барылууда.
Каттамдар Ташкентке жумасына бир жолу жана Алматыга жумасына 2 жолу аткарылып, кийин алардын саны көбөйтүлөт.
Ал эми Орусия менен туруктуу каттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азырынча чартердик каттамдар гана аткарылууда.
1 пикир