Биз менен байланышыңыз

15-сентябрдан тарта Бишкектен Баткенге учак каттай баштайт

Кыска кабар | 11 Сен 2020 | 891 | 1

15-сентябрдан баштап Бишкек-Баткен-Бишкек багыты боюнча каттам ишке ашырыла баштайт. Ал жумасына бир жолу — шейшемби күндөрү учат.

Ал эми Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек багыты боюнча каттам 18-сентябрда башталат. Ал жумасына бир жолу — жума күнү учат.

Каттамдар «Тез Джет» авиакомпаниясы тарабынан жүргүзүлөт.

Буга чейин Бишкек-Ош-Бишкек каттамы августтан баштап күнүнө 2-3 рейсти туруктуу аткара баштаган.

Кыргызстанга эл аралык каттамдардын «эшиги» толук ачыла элек

Учурда Кыргызстан Түркия, БАЭ менен туруктуу каттамдарды жүргүзүп жатат. 10-сентябрдан тарта Кыргызстан менен Кувейт мамлекетинин ортосунда аба каттамдары да жандандырылды. Бул каттам жумасына бир жолу — бейшемби күндөрү жүргүзүлүп турат.

14-сентябрдан баштап Ташкент-Бишкек-Ташкент багыты боюнча, ал эми 17-сентябрдан баштап Алматы-Бишкек-Алматы багыты боюнча дайыма учуучу каттамдарды жандандыруу боюнча иш алып барылууда.

Каттамдар Ташкентке жумасына бир жолу жана Алматыга жумасына 2 жолу аткарылып, кийин алардын саны көбөйтүлөт.

Ал эми Орусия менен туруктуу каттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азырынча чартердик каттамдар гана аткарылууда.

1 пикир

1 пикир

  1. Минура

    11.09.2020 19:18

    Москвага деле ачып коюшпайбы Кыргызстанда. иш жок кыйналып кеттикго

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM