Биз менен байланышыңыз

«Бүтүн Кыргызстандын» тарапташтары чогулду (сүрөт)

Кыска кабар , Шайлоо-2020 | 9 Сен 2020 | 697 | 0

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын тарапташтары Бишкек административдик сотунун алдына чогулушту. Алар соттун акыйкат чечим чыгарышын талап кылышууда.

Ушул тапта Бишкектин административдик соту «Бүтүн Кыргызстандын» Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы берген арызын карай баштады. Өткөнкү отурумда БШКнын өкүлдөрү партия талап кылган көрсөтмөлөрдү бере албагандыктан отурум жылдырылган.

Партия лидери Адахан Мадумаров ишти кароону создуктурууну — убакыттан уттуруу катары баалаган. Ал күнү соттун имаратынын алдына партиянын тарапташтары чогулуп, соттон акыйкат чечим чыгарышын талап кылышкан.

3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышууга 15 саясий партияны каттаган. Ал эми «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тарткан. Ага партиянын съездинде мыйзам бузулганы жүйөө келтирилген.

«Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимин «саясий чечим» деп атап, сотко кайрыла турганын маалымдаган.

Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM