Биз менен байланышыңыз

Президент Ошто эки күндүк иш сапары менен болот

Кыска кабар | 9 Сен 2020 | 548 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 9-10-сентябрь күндөрү эки күндүк иш сапары менен Ош облусунда болот. Ал Ош шаарында жана Кара-Суу районунда билим берүү, медицина объектилеринин, аймактын ички жолдорунун курулушу менен таанышат.

Ошондой эле айыл чарба жана өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгүнөн кабар алат.

Мындан сырткары, сот системасын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын санариптештирүүнүн, пандемия шартында инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM