Биз менен байланышыңыз

Министрлик: 700 мектеп кайрадан интернетке туташтырылууда

Кыска кабар | 8 Сен 2020 | 344 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандагы 693 мектепти кайрадан жогорку ылдамдыктагы сапаттуу интернетке туташтырып жатканын кабарлады.

Бул мектептер буга чейин демөөрчүлөр, жергиликтүү бийликтин жардамы менен түрдүү провайдерлер аркылуу интернетке туташтырылган. Айрымдарында ылдамдык начар, кээ бирлеринде абоненттик төлөм көйгөйү болгон.

Министрлик тарабынан тендер өткөрүлүп, учурда бул мектептердин беш жүз тогузу  кайрадан жогорку ылдамдыктагы сапаттуу интернетке кошулду. Калгандарын да дүйнөлүк желеге кайра кошуу иштери жүрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM