Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 1 киши көз жумду. Ал Бишкек шаарында катталды. Учурда коронавирустан каза тапкандардын саны 1062ни түзүүдө.
Акыркы бир суткада жаңы 68 учур катталды. Анын ичинде:
— Бишкек шаары боюнча — 13;
—Чүй облусу – 4;
—Ош облусу — 11;
—Талас облусу — 7;
—Нарын облусу – 1;
—Ысык-Көл облусу – 8;
—Жалал-Абад облусу – 8;
—Баткен облусунда 16 учур катталды.
Жалпысынан өлкөдө вирус жуктургандардын саны 44 миң 526га жетти. Учурда стационарларда 551 бейтап дарыланып жатат, амбулатордук дарыланууда 2627 бейтап бар.
Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 198 жаран сакайды. Бул илдеттен айыккандардын жалпы саны 40 миң 158ге жетти.