Биз менен байланышыңыз

Комуз жумалыгы: залкар комузчулар эскерилди

Кыргызстанда жарыяланган Комуз жумалыгынын алкагында залкар комузчулар эскерилип, айкелдерине гүл чамбар коюлду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Гүл чамбар Бишкек шаарында Токтогул Сатылгановдун, Ош шаарында Ниязалы Борошевдин жана Ысык-Көл облусунун Корумду айылында Карамолдо Орозовдун айкелдерине коюлду. Ага СССРдин, Кыргыз Республикасынын эл артисттери, маданиятка эмгек сиңирген ишмерлер, өнөр адамдары жана жаңы чыгып келе жаткан жаш комузчулар катышты.

Маданият министрлиги 13-сентябрга чейин Комуз жумалыгын жарыялаган. Иш-чара эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу онлайн форматта өтүп жатат.

Программада залкар комузчуларды эскерүү, салттуу музыка өнөрүн алып жүрүүчүлөрдүн жана комузчулардын катышуусу менен илимий-практикалык конференция, залкар жана жаш комузчулардын катышуусу менен “Таңшы комуз” онлайн концерти жана видео сабактар өтүлүп, ал “Маданият. Тарых. Тил” каналы жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Фейсбук баракчалары аркылуу түз көрсөтүлөт.

Комуз күнү майрамы этностук коомчулуктун маданияттар аралык диалогун кеңейтүү максатында президенттин жарлыгы менен 2019-жылы кабыл алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM