Биз менен байланышыңыз

БШК «Бүтүн Кыргызстан» партиясын каттоодон баш тартты

Кыска кабар , Саясат | 3 Сен 2020 | 2566 | 0

Бүгүн, 3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жалпы жыйыны болуп, анда шайлоого катыша турган партиялар расмий каттоого алынды.

Бирок «Бүтүн Кыргызстан» партиясы съездин өткөргөн учурда мыйзам бузгандыгы айтылып, БШКнын жумушчу тобу комиссияга партияны каттоодон баш тартуу сунушун берди.

Бирок комиссия мүчөсү Атыр Абдырахматова жумушчу топтун мындай чечиминен күмөн санап, жыйындын протоколун талап кылды.

— Саат 17:00дө мага жумушчу топтун «Бүтүн Кыргызстан» партиясын каттоого алуу сунушу электрондук дарекке келген. Бирок азыр бир сааттык танапистен кийин силер бул чечимди жокко чыгарып, тескерисинче каттоодон өткөрбөй коюуну сунуштап жатасыңар. Эгерде жумушчу топ жыйын өткөрүп, ушундай чечимге келген болсоңор, анда жыйындын протоколун көрсөткүлө, — деди Абдырахматова.

Бирок жумушчу топ бул чечим боюнча протокол түзүлгөн-түзүлбөгөнүн айткан жок.

Ошону менен сунуш добуш берүүгө коюлуп, комиссиянын 8 мүчөсү макул деген добушун берип, экөө, Кайрат Осмоналиев жана Атыр Абдырахматова, каршы экенин билдирди. Бирок көпчүлүк добуш менен «Бүтүн Кыргызстан» партиясы шайлоодон четтетилди.

Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт. Ага Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий каттоосунан 15 партия өттү.

Copyright © 2017 Maral FM