Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда COVID-19 илдетинин 99 жаңы учуру катталды

Кыска кабар | 3 Сен 2020 | 575 | 0

Кыргызстанда 3-сентябрга карата COVID-19 илдетинин 99 жаңы учуру катталды. Республикалык штабдын маалыматына караганда, Бишкек шаарында — 17 учур, Ош шаарында – 2, Чүй облусу – 3, Ош облусу — 11, Талас облусу — 6, Нарын облусу – 4, Ысык-Көл облусу – 16, Жалал-Абад облусу – 20, Баткен облусунда 20 учур катталды.

Өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 44 миң 135ке жетти.

Учурда стационарларда 613 бейтап дарыланууда, амбулатордук дарыланууда 4 796 киши бар. Өткөн сутка ичинде вирустан каза болгондор катталган жок. Пандемия башталгандан бери коронавирустан 1058 бейтап көз жумган. 39 миң 174 адам сакайган.

COVID-19 бир сутка ичинде медициналык кызматкерлер арасында катталган жок. 1 кызматкер айыкты, үй карантининдеги 9 медкызматкер да сакайды.

COVID-19 вирусун 3136 медкызматкер жуктуруп алган, анын 2506сы айыгып чыкты.

 

Copyright © 2017 Maral FM