Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңешке дагы бир жаңы депутат келди

Кыска кабар , Саясат | 2 Сен 2020 | 569 | 0

Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Таалайбек Масабировдун депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы 2-сентябрдагы жалпы жыйынында кабыл алды.

Аталган депутаттын ордуна тизме боюнча кийинки сапта турган талапкер Байгазы Кенжебаев келет. Ага БШК депутаттык күбөлүк жана төш белги тапшырылды.

Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт. 15 партия Боршайкомго документтерин тапшырып, катталган.  «Кыргызстан» партиясы БШКнын чечими мыйзамсыз деген негиз менен Жогорку соттон жанан Бишкек шаардык сотунан уткан, бирок документтерин тапшыра элек.

Copyright © 2017 Maral FM