Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкектеги айрым көчөлөр убактылуу жабылат

Кыска кабар | 31 Авг 2020 | 713 | 0

Бүгүн, 31-августта борбор калаа Бишкекте Эгемендүүлүктүн 29 жылдыгына карата өтө турган салтанатка Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, 31-август күнү саат 9:00дөн 12:00гө чейин Чүй проспектисинин Тоголок Молдодон Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Аталган мекеме шаар тургундарынан жана конокторунан келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, ошол күнкү маршрутун алдын ала билип алуусун суранды.

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата салтанат өтүп, ага президент Сооронбай Жээнбеков катышат. Мамлекеттик телеканалдар түз алып берип, майрамдык иш-чараны көрүү үчүн эл топтолбойт.

Салтанат саат 22:00дө салют менен жыйынтыкталат.

Бишкек мэриясы бул салтанатты өткөрүү үчүн бюджеттен 2 млн 700 миң сом каражат сарптады.

Copyright © 2017 Maral FM