Биз менен байланышыңыз

Августтун соңунда 3 күн эс алуу болот

Кыска кабар | 19 Авг 2020 | 695 | 0

Алдыдагы жумада кыргызстандыктар үч күн катары менен эс алат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

-Кыргызстандыктар келе жаткан 29, 30, 31-август күндөрү эс алат. 29, 30-август ишемби, жекшемби болсо, 31-август — Эгемендүүлүк күнү. Ал календарда майрам катары кызыл менен белгиленген, — деп айтылат билдирүүдө.

Эмгек кодекси боюнча, майрам күндөр дем алышка туш келсе, эс алуу кийинки иш күндөрүнө жылдырылат. Бирок бул жолку Эгемендүүлүк күнү аптанын баштапкы иш күнүнө, дем алышка удаа келген.

Copyright © 2017 Maral FM