Биз менен байланышыңыз

«Эркиндигибиз — улуулардан алып, урпактарга өткөрүп берчү аманатыбыз» (фото)

Кыска кабар | 31 Авг 2020 | 708 | 0

Бүгүн, 31-августта Кыргызстандын эгемендик алганына туура 29 жыл толду. Бул күнгө карата учурда «Ала-Тоо» аянтында майрамдык салтанат өтүүдө. Ага Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, экс-президент Роза Отунбаева жана башкалар катышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктады.

— Көз карандысыздыгыбыз — эң ыйык дөөлөтүбүз, эң бийик сыймыгыбыз.

Эгемендигибиз — ата-бабалар кылымдар бою күрөшүп, жанын берип, канын төгүп жүрүп бизге калтырган ыйык мурасыбыз.

Эркиндигибиз — ар бирибиздин жүрөгүбүздүн тереңинде жашай турган сезимибиз. Улуулардан алып, урпактарга өткөрүп берчү аманатыбыз,- деп белгиледи президент.

Бүгүнкү салтанаттка дарыгерлер, тартип сакчылар, аскерлер жана пандемия менен күрөшүүдө чоң жоопкерчилик менен кызмат кылган ыктыярчылар катышты.

Катышкан ыктыярчылардын арасында саякаттоого, өзүнө телефон, велосипед алууга чогултуп жүргөн акчаларын коронавирус менен күрөшүүдө медицина кызматкерлерин колдоо үчүн берген эң кенже ыктыярчылар да болду.

Жээнбеков кыргызстандыктарга жолдогон куттуктоосунда мына ушул кичүү муундун эмгегин да баалап өттү.

Copyright © 2017 Maral FM