Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан жана Өзбекстандын вице-премьерлери чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Кыска кабар | 28 Авг 2020 | 270 | 0

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров жана Өзбекстандын премьер-министринин кеңешчиси Мехриддин Хайриддинов жолугушту. Алар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин талкуулады.

«Коронавирустук инфекциянын жайылышынан, ошондой эле бир катар объективдүү себептерден улам, эки өлкөнүн кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациясынын иши жайлап калды. Буга карабастан, биз, кылымдар бою коңшулук мамиледе жашап келген бир тууган эл катары, калган тилкелерди делимитациялоо процессин тез арада жыйынтктоого кам көрүүбүз керек жана 2017-жылы кол коюлган Келишимге ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо ишин баштообуз керек», — деди Акрам Мадумаров.

Тараптар мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушчу топтордун эки тараптуу сүйлөшүүлөрүн жандандыруу жана калган тилкелердеги долбоордук линияларды сүрөттөө боюнча ишти улантууга макулдашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM