Биз менен байланышыңыз

Коронавирус менен күрөшүүгө салым кошкон жарандар «Даңк» медалы менен сыйланды

Кыска кабар | 27 Авг 2020 | 898 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-августта «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Жарлыктын негизинде коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө салым кошкон жарандар сыйланат.

«Даңк» медалы менен сыйлангандар:

— Мамлекеттик чек ара кызматынын бейтапканасынын башчысы, медицина кызматынын капитаны Жаманов Султан Ырысбекович;

— Ысык-Көл облусунун Түп районунун үй-бүлөлүк медицина борборунун «Арал» үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси Исаев Сапарбек Уркасымович;

— Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын № 13 атайын өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн улук өрт өчүрүүчү-куткаруучусу, старшина Мазаитов Замирбек Нарзиевич;

— Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Ниязбеков Сүйүнбек Ниязбекович;

— Ош облусунун Кара-Суу районунун Октябрь айылынын старостасы Полотов Баатыр;

— Ички иштер министрлигинин медициналык башкармалыгынын терапевт-дарыгери Сиротина Ольга Геннадьевна;

— Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскердик-медициналык башкармалыгынын башчысы, медицина кызматынын подполковниги Токторалиев Жоомарт Казакбаевич;

— Ош шаарынын медициналык тез жардам станциясынын дарыгери Төрөгелдиева Жылдызкан Калдаровна;

— Бишкек шаарынын Биринчи май районунун бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун № 7 үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы дарыгери Чарабаева Дамира Алтынбековна.

Copyright © 2017 Maral FM