Биз менен байланышыңыз

Трамп Висконсиндеги башаламандыктарды басуу үчүн Улуттук гвардияны жиберди

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Авг 2020 | 445 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп акыркы күндөрү башаламандыктар токтобой жаткан Кеноша (Висконсин штаты) шаарына Улуттук гвардиянын аскерлерин жиберди. Штаттын губернатору Тони Эверс федералдык жардамды кабыл алууга макул болгон.

Кеношадагы башаламандыктар 29 жаштагы афроамерикалык Жейкоб Блейк полиция тарабынан жаракат алган соң күчөп кетти. Штаттагы тартипсиздиктерден улам өзгөчө кырдаал режими  киргизилген.

Трамп бул тууралуу: «Мен Кеношадагы башаламандыктарды басуу үчүн федералдык күч органдары жана Улуттук гвардияны жиберип жатам. Биз АКШ көчөлөрүндөгү талап-тоноочулук, өрт коюу, зомбулук жана мыйзамсыздыктарга чыдап тура албайбыз», — деп Твиттер баракчасында жазды.

АКШ полициясынын кезектеги «курмандыгы» Жейкоб Блейк эки аялдын ортосундагы жаңжалды токтотуу учурунда полициянын огунан жаракат алган. Ал полициянын буйругуна моюн сунбай, өзүнүн унаасына отуруп жаткан учурда полиция аны токтотуу үчүн 7 жолу ок чыгарган. Блейк оор абалда ооруканага жеткирилген. Октон алган жаракаттан улам анын денесинин белден ылдый бөлүгү толугу менен шал болуп калган. 29 жаштагы афроамерикалыктын адвокатынын айтымында, анын кайрадан бутуна туруусуна дээрлик үмүт жок. Ал өмүр бою майып болуп калышы мүмкүн.

Висконсиндин 100 миң адам жашаган Кеноша шаарындагы бул окуя АКШ бийлигине жана полициясына карата нараазычылыктарды кайрадан күчөтүп жиберди. Аталган штаттагы башаламандыктар коменданттык саатка карабай токтобой жатат. Нараазычылыкка чыккандар дүкөндөрдү талап-тоноп, көптөгөн обьекттерге өрт коюшууда. Бул башаламандыктар учурунда 25-август күнү 2 адам каза болуп, бирөөсү жаракат алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM