Биз менен байланышыңыз

Нарын облусунда бүгүн жер титирөө катталды

Кыска кабар | 26 Авг 2020 | 740 | 0

26-август күнү саат 04:13тө Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдады. 

Жер титирөө Ат-Башы районунун Большевик, Биринчи Май, Талды-Суу айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эскерте кетсек, буга чейин өлкө аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында, Ош шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 140 километр алыстыкта болгон.

Жер титирөө Нура, Икизяк, Эркечтам айылдарында 4 баллга, Кара-Киндик, Кек-Суу, Бор-Дөбө айылдарында 3 баллга, Ак-Талаа, Сары-Таш, Чий-Талаа, Көлдүк, Кичи-Каракол айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM