Биз менен байланышыңыз

Спорт агенттигинин жаңы жетекчиси аныкталды

Кыска кабар | 26 Авг 2020 | 532 | 0

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу Парханов Мирлан Абдивалиевичке өткөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Мирлан Парханов аталган агенттиктин директорунун орун басары болуп иштеп жаткан.

Буга чейин “Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депуттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 21-беренесине ылайык,  бул агенттиктин директору Аманкулов Канат Маратовичтин кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин токтотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM