Биз менен байланышыңыз

26-августта жаан жаайт. Аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 25 Авг 2020 | 645 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 26-августта түнкүсүн өлкө аймагында жаан жаайт. Ошондой эле күндүз тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +14…+15, күндүз +24…+26;

Таласта түнкүсүн +10…+12, күндүз +19…+20;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +11…+13, күндүз +23…+25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+12, күндүз +22…+24;

Нарында түнкүсүн +9…+10, күндүз +23…+25.

Бишкек шаарында 26-августта жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы түнкүсүн +12…+13, күндүз +26…+28 градус болот.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM