Биз менен байланышыңыз

Гонконг: Экинчи жолу коронавирусту жуктуруп алган адам катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Авг 2020 | 377 | 0

Гонконг университетинин илимпоздору коронавирусту кайра жуктуруунун биринчи учурун аныкташты. Бул тууралуу BBC агенттиги билдирди.

Экинчи жолу коронавирус жуктурду деген диагноз 4,5 ай мурун Covid-19 менен ооруган эркек кишиге коюлган. Бирок андан кайра тест алынып жатканда оорунун белгилери болгон эмес.

Коронавирус илдети менен ооруган Гонконгдун 33 жаштагы тургуну ооруканадан апрель айында чыккан. Дарыгерлер аны толук сакайды деп айтышкан. Бирок ал августта Испаниядан келген соң аэропортто милдеттүү түрдө тест тапшырган. Ошол жактан вирус бар экени аныкталган.

Эскерте кетсек, буга чейин Кытай бийлиги бир адамдан экинчи ирет коронавирус чыккан бир нече учурду айтышкан. Алардын маалыматына ылайык, экинчи учурлар буга чейин коронавирус менен ооругандардын 5-15 пайызынан аныкталган. Бирок алар экинчи жолу оору жуктуруп алды, же биринчи жолу ооруганда толук дарыланбай калган деп ишеничтүү айтууга болбойт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM