Биз менен байланышыңыз

Транспорт, турак-жай жана жер салыктарын төлөөгө жарандарда дагы бир жума убакыт бар

Кыска кабар | 25 Авг 2020 | 280 | 0

Транспорт, турак-жай, батир жана жер салыктарын белгиленген мөөнөттө төлөө үчүн жарандарда дагы бир жума убакыт бар. Буга байланыштуу Мамлекеттик салык кызматы транспорт каражаттарынын, турак-жай жана жер үлүшүнүн ээлерин  салыкты өз убагында төлөөгө жетишүүгө чакырат.

Салыктарды каалаган банк мекемесинин кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарынан, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-сентябрында транспорт каражаттарына салыкты, 2-сентябрга чейин – турак үй, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө мөөнөтү аяктайт.

Кеңири маалыматты 1240 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM