Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда экстремисттик топ кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Авг 2020 | 676 | 0

Өзбекстандын Наманган облусунда бир канча киши Facebook жана Telegram аркылуу диний жихадга үндөгөн деп айыпталууда.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына ылайык, алар милиция менен атайын кызматтын биргелешкен операциясында колго түшкөн.

Топтун 55 жаштагы башчысы Абу Салах  Садык Самарканди өңдүү экстремист лидерлердин ишмердигин жайылткан, катарына уулун, жээнин жана классташтарын кошуп алган деп шектелүүдө.

“Мындан тышкары, ал Сириядагы террордук топко катышы бар кишилер менен интернет аркылуу байланышта болгон. Орусиядагы тааныштары жана экстремисттик топторго катышы бар достору аркылуу Сирияга төрт жолу акча жөнөткөн”,- деп айтылат кабарда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM