Биз менен байланышыңыз

Германиялык дарыгерлер да Навальный ууланганын тастыкташты

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Авг 2020 | 603 | 0

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный “холинэстераза ингибиторлору” деп аталган активдүү заттардын тобуна ууланган болушу мүмкүн экенин Берлиндеги “Шарите” ооруканасы билдирди.

Ооруканадан “Навальный реанимацияда, аны атайын комага түшүрүп коюшкан”. Ошондой эле “анын абалы оор, бирок азыркы учурда өмүрүнө коркунуч жок» деп билдиришкен.

“Холинэстераза ингибиторлору” айрым дары-дармектерде, пестициддерде жана нервди шал кылган заттардын курамында болот.

Эскерте кетсек, Навальный 22-августта атайын учак менен Германияга жеткирилген.

Орусиялык оппозициячыл саясатчы 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен баратып, өзүн жаман сезип, эс-учун жоготкон. Учак Омск шаарына чукул конуп, Навальный тез жардам менен ооруканага жеткирилген.

Ал учакка отурар алдында Богашево аэропортундагы кафеден чай ичкен. Саясатчынын тарапташтары “Навальныйга дал ушул жерден чайга бир нерсе кошуп ууландырылышы мүмкүн” деп шектенип жатышат.

Азыркы учурда Навальный комада, ал өзүнө келе элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM