Биз менен байланышыңыз

13 медкызматкерден коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 22 Авг 2020 | 644 | 0

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 13 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:

Бишкек ш. – 2
Ош ш. – 1
Чүй облусунда – 1
Баткен облусунда – 5
Жалал-Абад облусунда – 4

Ал эми бир суткада 1 медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыгарылды. Үй карантининен айыгып чыккандар жок.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 илдети менен медициналык кызматкерлер арасында 3086 учур катталды, алардын ичинен 2384 медкызматкер айыгып чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM