21-августка карата бир сутка ичинде 196 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн брифинг учурунда билдирди.
Жаңы учурлар:
Бишкек — 35
Ош – 9
Чүй облусу – 16
Ош облусу — 34
Талас облусу – 8
Нарын облусу – 3
Ысык-Көл облусу – 24
Жалал-Абад облусу – 49
Баткен облусу — 18
Ошондой эле акыркы суткада 345 адам илдеттен сакайып чыккан:
Бишкек – 96
Ош шаары – 43
Чүй облусу – 23
Ош облусу – 35
Талас облусу – 5
Нарын облусу – 10
Ысык-Көл облусу – 40
Жалал-Абад облусу – 59
Баткен облусу – 34
Өлкө боюнча коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 42 миң 703 адамды түздү. Анын 35 миң 831и айыккан.