Биз менен байланышыңыз

Баткен менен Жалал-Абад облустарына тажрыйбалуу медициналык кызматкерлер жөнөтүлөт

Кыска кабар | 21 Авг 2020 | 429 | 0

Баткен жана Жалал-Абад облустарына тажрыйбалуу медициналык кызматкерлер жөнөтүлөт. Бул туурасында Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

Премьер-министр Кубатбек Боронов Саламаттык сактоо министрлигине Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы көрүлүп жаткан чараларды күчтөндүрүүнү айтты.

«Аталган эки аймактагы эпидемиологиялык кырдаал кооптондурууда. Аталган облустарда ооруну жуктуруп алуунун жаңы учурлары жана оорусу күчөгөндөрдүн саны төмөндөбөй жатат. Абалды жакшыртуу максатында облустарга тажрыйбалуу медициналык кызматкерлерди жөнөтүү зарыл», — деди өкмөт башчы.

Мындан тышкары, тармактык мамлекеттик органдар республика аймактарын бардык зарыл медициналык дары-дармектер менен камсыздоого басым жасоосу тийиш. Күз мезгилине карата өлкөдө медикаменттердин тийиштүү запасы болушу керек.

Ошондой эле калкты сапаттуу жана ыкчам эмдөө боюнча кампанияны жүргүзүү маселеси турганы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM