Биз менен байланышыңыз

Президенттин Нарын облусундагы иш сапары уланууда (фото)

Кыска кабар | 20 Авг 2020 | 871 | 0

Президенттин өлкө аймактарына болгон иш сапары уланууда. Мамлекет башчысы 19-20-август күндөрүндө эки күндүк иш сапары менен Нарын облусунда болот.

Жээнбеков кечээ, 19-августта, Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кочкор районундагы «Сал-Эм» асыл тукум заводунун ишмердиги менен таанышты.

Асыл тукум заводунун жетекчиси Саламат Молдоканов аталган ишкана «Абердин Ангус» породасындагы уйларды, Россиянын асыл тукум жылкыларын жана гиссар тукумундагы койлорду өстүрүү менен алектенерин маалымдады.

Малдын жалпы саны 600 баштан ашат.

Президент өлкөдө мал чарбачылыгынын чоң мүмкүнчүлүктөрү бар экенин, аны натыйжалуу пайдалануу керектигин айтты.

Президент алдыда Ат-Башы, Нарын райондорунда жана Нарын шаарында аймактардагы ички жолдорду реконструкциялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрүп чыгат. Ошондой эле айыл чарба, кайра иштетүү, ирригация, медицина, билим берүү жана энергетика объектилеринин ишмердүүлүгү менен таанышат.

Буга чейин өлкө башчысы Ысык-Көл, Талас, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында иш сапары менен болгон.

Copyright © 2017 Maral FM