Биз менен байланышыңыз

Коронавирусту жуктуруп алган 179 жаңы учур катталды

Кыска кабар | 19 Авг 2020 | 772 | 0

19-августка карата бир сутка ичинде 179 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг маалында билдирди.

Бишкек — 39;
Ош – 8;
Чүй облусу – 17;
Ош облусу — 24;
Талас облусу – 1;
Нарын облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 39;
Жалал-Абад облусу – 26;
Баткен облусу — 22.

Ошондой эле акыркы суткада 312 адам илдеттен сакайып чыккан:

Бишкек – 102;
Ош шаары – 18;
Чүй облусу – 41;
Ош облусу – 27;
Талас облусу – 2;
Нарын облусу – 13;
Ысык-Көл облусу – 50;
Жалал-Абад облусу – 40;
Баткен облусу – 19.

Кыргызстанда коронавирустан акыркы суткада 1 адам каза болду. Ал Баткен облусунун Лейлек районунан.

Өлкө боюнча коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 42 325 адамды түздү. Анын 35 миң 197си айыккан.

Copyright © 2017 Maral FM