Биз менен байланышыңыз

18-август: Коронавирус жуктурган 155 жаңы учур катталды

Кыска кабар | 18 Авг 2020 | 660 | 0

18-августка карата бир сутка ичинде 155 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Ошондой эле акыркы суткада 318 адам илдеттен сакайып чыккан.

Кыргызстанда коронавирустан акыркы суткада 2 адам каза болду. Вирустун айынан көз жумгандардын жалпы саны 1498ге жетти.

18-августка карата өлкө боюнча коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 42 146 адамды түздү. Анын 34 миң 885и айыкса, коронавирус жана пневмониядан жалпы 1498 адам каза тапты.

Copyright © 2017 Maral FM