Генерал Курсан Асанов менен депутат Тынчтыкбек Конушбаев «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы менен шайлоого аттанат. Бул тууралуу алар Фейсбук баракчасына жарыялашты.
Буга чейин «Ак Шумкар» партиясынын төрагасы Темир Сариев жана коомдук-саясий ишмер Кубанычбек Исабеков дагы «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясына кошулушкан.
Кошумчалай кетсек, учурда “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы менен 7 партия бирикти.
Алар:
1) “Кыргызстан коммунисттер” партиясы – Исхак Масалиев;
2) “Эрк” партиясы – Турсунбай Бакир уулу;
3) “Эгемен Кыргызстан” партиясы – Бектур Асанов;
4) “СССР” партиясы – Ишенбай Кадырбеков;
5) “Ак калпак” партиясы – У. Маматаев;
6) “Улуу көч” партиясы – А. Момунов.
7) “Бүткүл жаштар” партиясы – Ч. Капаров.
Жогорку Кеңешке шайлоо ушул жылдын 4-октябрында өтөт. Ага катышуу ниетин билдирген партиялар 20-августка чейин съезддерин өткөрүп, талапкерлердин тизмесин БШКга тапшырышы керек.