Биз менен байланышыңыз

Орусиядан келген дарыгерлер миссиясын аяктап, мекенине кайтышты

Кыска кабар | 17 Авг 2020 | 276 | 0

Бүгүн, 17-августта, коронавирус менен күрөшүүдө тажрыйба алмашуу үчүн Орусиядан келген медицина кызматкерлеринен турган топ миссиясы аяктаганына байланыштуу мекенине учуп кетти.

Орусиянын Башкортостан Республикасынан келген дарыгерлер кыргызстандык кесиптештеринин эмгегине жогорку баа беришти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

“КР Саламаттык сактоо министрлиги иштеп чыккан дарылоо протоколдору, алгоритмдер жана башка расмий документтер туура кабыл алынып, туура ишке ашырылып жатканын россиялык кесиптештер тастыкташты. Бир айга жакын убакыттын ичинде Кыргызстандын бардык аймактарындагы медициналык мекемелерде иштеп, илдетти дарылоого активдүү катышышты»,- деди Абдукаримов.

Орусиялык дарыгерлердин Кыргызстанда алып барган ишинин жыйынтыгында эки тараптуу тажрыйба алмашуу жүрдү.

Башкортостан Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов кыргызстандык медицина кызматкерлеринин тажрыйбасы мыкты экенин белгиледи.

Орусиялык дарыгерлердин Кыргызстандагы миссиясы 25 күнгө созулду. Алар республиканын отуздан ашуун медициналык мекемесинде иш алып барышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM