Биз менен байланышыңыз

Беларусия: Лукашенкону колдоого 65 миңдей, аларга каршы 200 миңден ашык адам топтолду

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Авг 2020 | 576 | 0

17-август күнү Беларусиянын Минск шаарында президент Александр Лукашенкону колдоо максатында уюштурулган митинг өттү. Иш чарага 65 миңдей адам катышты. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди.

Митингге Лукашенко кичүү уулу Николай менен чогуу барып, чогулгандар аларды кол чабуу менен тосуп алышты. Президент өз сөзүндө кайрадан шайлоо өткөрүүгө каршы экенин билдирди. Анын айтымында, бул учурда өлкө мамлекет катары жок болот.

Ушул эле күнү Минскте оппозициянын митинги өттү. Ага 220 миңге чейин адам катышкан. Ошондой эле, Беларустун Москвадагы элчилигинин жанында колдоо акциясы болуп өттү, ага 300дөй адам катышты.

Белгилей кетсек, Беларусияда президенттик шайлоо 9-августта өттү. Шайлоодо Светлана Тихановская Александр Лукашенкого башкы атаандаш болду. БШКнын маалыматы боюнча, Александр Лукашенко добуштардын 80,23 пайызын, Светлана Тихановская 10 пайызын топтоду. Ал эми Тихановскаянын штабы БШКнын жыйынтыгын тааныбай турганын билдирген. Калган үч талапкер 2 пайыздан аз добуш алышты.

Шайлоого нааразы болгон Тихановская ошол учурда өлкөдөн чыгып кетти. Азыркы учурда ал Литвада.

Президенттик шайлоого добуш берүүнүн жыйынтыгы чыккан соң Минск шаарынын борборунда жана башка шаарларда массалык нааразычылык акциялары башталган. Нааразычылыкка чыккандар шайлоонун бурмаланганын айтып чыгышты. Минсктин чок ортосунда демонстранттар таштанды чакаларынан баррикадаларды орнотушту.

Полиция көздөн жаш агызуучу газды, суу замбиректерин жана гранаталарды атып, демонстранттарды шаардын борборунан күч менен кууп чыкты. Анын айынан бир нече адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Беларусиядагы бул шайлоого байкоочулар катышкан жок.

Copyright © 2017 Maral FM