Биз менен байланышыңыз

Антонина Шевченконун кезектеги аттандашы белгилүү болду

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 16 Авг 2020 | 364 | 0

UFC уюмунун мушкери — кыргызстандык Антонина Шевченконун кезектеги атаандашы бразилиялык Ариани Липски. Ал Липски менен ушул жылдын 22-ноябрында «UFC 255» турниринде беттешет.

Азырынча турнир кайсы жерде өтө турганы белгисиз. Ошондой эле бул турнирде жеңил салмактагы чемпиондук кур үчүн учурдагы чемпион Валентина Шевченко менен Жениффер Майя күч сынайт.

Антонина Шевченко UFC уюмунун алкагында 5 беттеш өткөрүп, 3 жолу жеңип, 2 жолу утулду. Ал акыркы беттеште америкалык Кэтлин Чукагяндан жеңилген болчу.

Ал эми Липски UFC уюмунун алкагында 4 беттеш өткөрдү. Ал 2 жолу утулуп, 2 жолу жеңишке жеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM