Биз менен байланышыңыз

20-апрелде Антонина Шевченко UFC мелдеши боюнча дебюттук беттешин өткөрөт

Кыска кабар , Спорт | 19 Апр 2019 | 557 | 0

Эртең, 20-апрелде «UFC on ESPN+ 7» мелдешинин алкагында Кыргызстандын чыгаан мушкери Антонина Шевченко АКШлык Роксанн Модаффериге каршы октагонго чыгат. Аталган турнир Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтөт

Эрежесиз уруш боюнча Модаффери жалпысынан 37 беттеш өткөрүп, анын 22синде жеңишке жетип, 15инде жеңилүү ызасын тарткан. Анын ичинен UFCнин алкагында өткөргөн 3 беттешинин экөөндө жеңилип калган.

Антонина Шевченко жалпы 7 беттеш өткөрүп, бардыгында жеңишке жеткен. Ал UFCдеги жалгыз беттешин 2018-жылдын декабрь айында кореялык Жи Йон Кимге каршы өткөргөн.

Санкт-Петербургда өтүүчү «UFC on ESPN+ 7»  турниринде Кыргызстандык дагы бир мушкер Рафаель Физиев аталаган уюмда дебюттук беттешин өткөрөт.

Физиевдин атаандашы 30 жаштагы орусиялык Магомед Мустафаев болмокчу.

Рафаель Физиев эрежесиз эр уруш боюнча профессионалдык карьерасында жалпысынан 6 беттеш өткөрүп, бардыгында жеңишке жеткен. Ал эми Мустафаев 15 беттеш өткөрүп 13үндө жеңүүчү аталган.

Ошондой эле орусиялык мушкер UFC уюмунда 3 беттештин экөөсүндө жеңишке жетип, бир ирет жеңилүү ызасын таркан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM