Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Адамдарды суракка чакырып, мени коргоосуна муктаж эмесмин

Кыска кабар , Саясат | 15 Авг 2020 | 605 | 0

Президент катары, милиция адамдарды суракка чакырып, мени коргоосуна муктаж эмесмин. Мындай пикирин өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-августта, «Биринчи радиого» берген маегинде айтты.

— Күчтүү жарандык коом жана сөз эркиндиги кайсы гана өлкөнүн болбосун, өнүгүүсүнө жакшы түрткү болот. Бул өлкөнүн өнүгүшүнө, өлкөдө калыстык болушуна фундамент болуп берет. Ошондуктан, биз күчтүү жарандык коомдун жана сөз эркиндигинин өнүгүшүнө жол ачып беришибиз керек.

Алдыда чоң саясий иш жакындап калды. Парламенттик шайлоо болот.

Анын алдында да өзүнө көңүл бурдургусу келгендер болот. Өзүн элге тааныткысы келгендер болот. Мунун баары — табигый көрүнүш. Буга ар бир саясатчы, мен баш болуп даяр болушубуз керек.

Бирок ар бир жаран коомчулукка кандайдыр бир билдирүү менен чыгып жатып, башканын жоопкерчилигин талап кылып жатып, өзүнүн да жоопкерчилигин унутпаса. Башка жарандын укугун тебелебесе. Саясий же жөн гана адамдык маданияттын алкагында талаш, сын, талкуу болсо, ал туура көрүнүш. Айтарым, милиция да өз ишин аткарып жатат. Бирок мен, Президент катары, мына ошондой суракка чакырып, мени коргоого муктаж эмесмин.  

Copyright © 2017 Maral FM