Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 13-августта түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +26…+31;
Таласта түнкүсүн +12…+14, күндүз +26…+28;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24;
Нарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25.
Бишкек шаарында 13-августта жаан жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +28…+30 градус болот.