Беларус президенти Александр Лукашенко 10-августта Минск облусуна жасаган иш сапарынын алкагында «Беларус улуттук биотехнология корпорациясынын» иши менен таанышып, ишканага жогору баасын берди.
Бул компанияны Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөнов жетектей турганы айтылып келет. Ал атын өзгөртүп, Даниил Урицкий болуп алганы маалым.
Беларустун «БелТА» мамлекеттик маалымат агенттиги 10-августта жарыялаган маалыматында, Лукашенко менен Урицкийдин түшкөн сүрөттөрү бар, бирок компаниянын директору катары анын аты аталган эмес.
Макаланы ушул ссылка менен көрүүгө болот.