Биз менен байланышыңыз

Быйыл 6 айда өкмөт аппаратына 1,5 миңге жакын кайрылуу түшкөн

Кыска кабар | 10 Авг 2020 | 409 | 0

2020-жылдын I жарым жылдыгында Өкмөт аппаратына 1426 жазуу жүзүндө кайрылуу келип түшкөн. Ал эми 2019-жылдын I жарым жылдыгында 2457 кат түшкөн.

Анын ичинде:

— Президенттин аппаратынан – 278;

— Жогорку Кеңештен – 238;

— Премьер-министрдин Коомдук кабылдамасында жеке кабыл алынган жарандардын жазуу жүзүндөгү кайрылуулары – 180;

-kattar.kg порталы аркылуу түшкөн электрондук кайрылуулар – 124;

— башка байланыш каражаттары аркылуу түшкөн кайрылуулар – 606.

Жарандардын кайрылуулары республиканын бардык региондорунан, КМШ өлкөлөрүнөн жана алыскы чет өлкөдөн да келип түшүүдө. Аймактар боюнча алып караганда эң көп кайрылуу Бишкек шаарынан болгон.

Жарандар көбүнчө укук коргоо жана коопсуздукту камсыздоо маселелери, жер жана турак жай маселелери, курулуш, архитектура, билим берүү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштери жөнүндө, дыйкан жана фермердик чарбалардын маселелери, саламаттык сактоо, кадрдык камсыздоо, эмгектик талаш, пенсия, жеңилдиктер, жөлөкпулдар тууралуу кайрылышкан.

Мындан сырткары, премьер-министрдин коомдук кабылдамасына 242 жаран кайрылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM