Биз менен байланышыңыз

Жөлөк пулдарды төлөөгө бюджеттен 3 млрд 803 млн сом бөлүнгөн

Кыска кабар | 10 Авг 2020 | 327 | 0

Жөлөк пулдарды төлөөгө бюджеттен 3 миллиард 803 миллион 500 миң сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Быйылкы жылдын 1-июлуна карата мамлекеттик жөлөкпулду алуучулардын саны 503 миң адамды түздү. Анын ичинен “Үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөк пул алуучулардын саны 340 миң адамды түзөт.

“Социалдык жөлөк пул” – пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ай сайын берилүүчү жөлөк пулду алуучулардын саны 97 миң адамды түздү.

Бала төрөлгөндө бир жолку жөлөкпул «балага сүйүнчү» алуучулар 67 миң адамды түздү.

Жалпысынан республика боюнча “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулдун орточо өлчөмү 868,8  сомду түздү. Социалдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү 3029,8 сомду түздү. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM