Биз менен байланышыңыз

Президент менен каржы министри бюджеттин азыркы абалын талкуулашты

Кыска кабар | 8 Авг 2020 | 494 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков каржы министри Бактыгүл Жээнбаева менен онлайн-кеңешме өткөрүп, Республикалык бюджеттин аткарылышынын азыркы абалы боюнча талкуу жүргүздү. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлады.

Онлайн-кеңешмеде медицина кызматкерлерине төлөмдөр, улуттук долбоорлор менен социалдык программаларды каржылоо, ошондой эле мектептер менен ооруканаларды реконструкциялоого каражат бөлүү маселелери тууралуу сөз болду.

Президент бюджеттин чоң тартыштыгына карабастан, калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация түйүндөрүн куруу жана реабилитациялоо боюнча программа сыяктуу мурда башталган улуттук долбоорлор үзгүлтүккө учурабашы керектигин белгиледи. Түзүлгөн кырдаалда бюджетте иштегендерди мамлекет тарабынан колдоонун маанисине токтолду.

Андан сырткары дарыгерлердин эмгек акылары жана кошумча төлөмдөрү мыйзам алкагында өз убагында берилиши керектигин айтты.

Ошол эле маалда аймактардагы ооруканалардын ремонтуна каражат өз маалында бөлүнүшү керектигин белгиледи.

«Мен аймактарды кыдырып чыктым. Көптөгөн ооруканалар ар кандай жалган реформалардан улам жабылып, койко-орундардын саны кыскарып кеткен, медицина мекемелеринин имараттары абдан эскирген. Азыр аларда капиталдык ремонт башталды, аларды кыска мөөнөттүн ичинде бүткөрүү жана кышка чейин имараттарды пайдаланууга берүү боюнча тапшырмалар берилди. Каржылоодо маселе жаралбашы керек», — деди Жээнбеков.

Copyright © 2017 Maral FM