Биз менен байланышыңыз

«Кызыл зонада» кызмат кылгандардын кенемтеси

Кыргызстанда COVID-19 инфекциясы каттала баштагандан бери медициналык кызматкерлер өз өмүрүн тобокелге салып иштеп жатышат. Алардын басымдуу бөлүгү вирус жуктуруп алса, бир канчасы каза болду. Бул илдет менен күрөшүүдө студенттер жана медициналык билими бар жарандар дагы салым кошушту. Аларга убада кылынган кенемте айрымдарына берилсе, кээсине жете элек.

Атын атагысы келбеген ыктыярчы медайым пандемия маалында “кызыл зонада” иштеп, бирок кошумча акы ала элек. Бул тууралуу ал “Марал” радиосуна билдирди.

Ал борбордогу обсервациялардын биринде бир ай бою иштеген.

  • Мен кесибим боюнча медайыммын. Бишкекте оору күчөй баштаганда дарыгерлер жетишпей жатат дегенди угуп, медициналык билимим бар болгондуктан дароо жардам берем деп келгем. “Кызыл зонага” кирип, 14 күн иштегенден кийин обсервацияга чыгыш керек эле, бирок өз ыктыярым менен калып, дагы ошончо убакыт иштедим. Бизге атайын банктык эсептер ачылган, бирок акча жөнүндө маалымат келе элек, август айынын аягына чейин акча түшөрү айтылган, — дейт ыктыярчы.

COVID-19 инфекциясы менен күрөшүүдө өлкө боюнча дарыгерлер, медкызматкерлер жетишпей, медициналык билими барлар жардамга тартылып, билим алып жаткан студенттер мобилизацияланган.

Өкмөт буга чейин “кызыл зонада” иштегендер үчүн кошумча акы убада кылып, кызмат учурунда вирус жуктуруп алгандарга 200 миң сом кенемте төлөп бермей болгон.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалыматына ылайык, республикалык бюджеттен июнь айы үчүн медицина кызматкерлерине 109 миллион сом бөлүнгөн. Ал эми июль айына бөлүнгөн каражат — 400 миллион сом. Анын ичинен 225 миллион сому саламаттык сактоо уюмдарына бөлүнүп берилген.

ММК фондунун маалымат катчысы Света Байтикованын айтуусунда, компенсация төлөнбөй калган медкызматкерлердин банктык эсептеринде маселе бар. Алар оңдолуп, толукталгандан кийин дароо каражат которулат деп ишендирди.

  • Биз “кызыл зонада” иштегендердин дээрлик баарына каражаттарын котордук. Техникалык катачылыктардан улам айрымдарыныкы кармалып жатат. Буйруса, бир жума аралыгында бул маселе чечилип, акча которулат, -дейт маалымат катчы.

Өзүн Мамыт деп тааныштырган студент Дайыр Асанов атындагы аскердик лицейде ачылган обсервацияда 14 күн өз ыктыяры менен иштеп, бейтаптарды дарылоодо көмөк көрсөткөн. Анын кызматы үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги ага 41 миң 200 сом акы төлөп берди.

  • Мен июль айынын башында, оору аябай күчөп турганда “кызыл зонада” иштейм деп окуу жайга барсам, Суворовдогу обсервацияга жөнөттү. Мен барганда 2-3 айдан бери иштеп жүргөн ординаторлор, курсташтарым маяна ала албай жүргөн экен. Мен дагы кошумча акы төлөшпөйт деген ой менен эле иштегем, — деди Мамыт.

3-августтагы брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин финансы бөлүмүнүн башчысы Муктарбек Баймурзаев COVID-19 илдетин жуктуруп алган дарыгерлердин төртөөсүнө кенемте төлөнөрүн айткан.

  • Бүгүнкү күнү вирус жуктуруп алган медицина кызматкерлеринен 40 арыз келип түшкөн. Бүгүн төртөөнө кенемте төлөнүп берилет. Ал эми калган арыздарда керектүү документтер жетишсиз болгондуктан, кайрадан толуктап жөнөтүү үчүн артка кайтарылды.

Пандемия маалында иштеп жүрүп каза болгон медициналык кызматкерлердин арасынан азырынча экөөсүнө гана кенемте төлөнгөн. Алар маркум Жүзүмкан Көкүмбаева жана Альберт Исмаилов.

Кыргызстанда коронавирус илдети жайылганы медициналык кызматкерлер менен бирге укук коргоо органдарынын кызматкерлери да өз өмүрүн тобокелге салып, кооптуу аймактарда иштешкен.

Расмий маалыматтарга караганда, COVID-19 пандемиясы башталгандан тарта Кыргызстанда 2 928 медик вирус жугузуп алган, алардын 73ү кайтыш болуп, 2025и айыкты.

Макаланы даярдаган Сагын Сабыров

Copyright © 2017 Maral FM