Биз менен байланышыңыз

Түркияда дүйнөдөгү эң узун веложол ачылды

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Авг 2020 | 525 | 0

Түркиянын түштүгүндөгү Хатай провинциясында Жер Ортолук деңизинин жээгин бойлогон 26 чакырымдык велосипед жолу ачылды.

Веложол башка жолдор менен кесилишпейт жана дүйнөдөгү эң узун велосипед жолу катары таанылган.

«Hurriyet» гезити жол деңиз жээгин бойлой салынганын жазды. Ал Самандаг жана Арсуз калктуу конуштарын байланыштырат.

Хатайдын губернатору Рахми Доган велосипед тилкесин эки багытта колдонсо болорун билдирди. Демек, узундугу 52 км болгон каттам түзүлөт.

Веложолдо 5 эс алуу зонасын уюштуруу пландалууда. Ошондой эле быйыл республикалык жана эл аралык мелдештерди өткөрүү күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM